Исманкуловдун клиникасы жайгашкан имарат жабылды. Видео

Марттын башында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев имаратты бошотуп коюуну талап кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги менен Бишкек мэриясынын кызматкерлери Алмазбек Исманкуловдун "Көздүн микрохирургиясы" клиникасынын эшигине мөөр басып, жаап салды. Имараттын короосуна кирген эшик ширетилди.
Белгилүү көз дарыгери Алмазбек Исманкуловдун менчик клиникасы көп убактан бери оорукананын имаратын ижарага алып иштеп келген. Марттын башында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев имаратты бошотуп коюуну талап кылган. Ижара келишими токтотулганы айтылды.
16 жыл башкаргандар бар. Бишкектеги оорукана жетекчилеринин тизмеси