Ишембиге карата аба ырайы

26-мартка караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана тоолуу жерлеринде кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Ишемби күнү күндүз Чүй, Талас жергесинин көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолорунда кар, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен региондорунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кечинде батыш багытка өзгөрүлүп, секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +15...+20, Таласта +14…+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көлдө +2...+7, Нарын аймагында +7...+12 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ош калааларында +18...+20 градуска көтөрүлөт.
Күн ачылабы? Дем алышка карата аба ырайы