ИИМ өлкө боюнча 136 видеокамера орнотуп, 2 миңге чукул кылмышты аныктаган

Коомдук жайларда элдин коопсуздугуна мониторинг жүргүзгөн министрликтин алдындагы борбор былтыртан бери иштеп баштаган. Учурда камераларды көбөйтүү пландалып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздуктун абалына мониторинг жүргүзүү үчүн былтыртан бери республика боюнча 136 видеокамера орноткон. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
2021-жылдын октябрынан тартып ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борбору иштеп баштаганы белгиленди.
Коомдук жайларда камера орнотулган аймактар:
Бишкек шаарында — 70;
Баткенде — 25;
Таласта — 15;
Чүйдө — 10;
Ошто — 10;
Ош шаарында — 2;
Ысык-Көлдө — 2;
Нарында — 1;
Жалал-Абадда — 1.
Былтыр октябрдан бери видеокамералардын жардамы менен 2 000ге чукул кылмыш жана укук бузуулар аныкталган. Ошондой эле 1 000ден ашык сүрөт жана видеотасмалар тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилген.
Коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында республика боюнча видеокамераларды көбөйтүү пландалып жатат.
Былтыртан бери интернеттен баңгизат саткан 30 дүкөндүн иши токтотулду. Видео