ЕАЭБ мамлекеттерине бир катар товарларды алып кирүү жеңилдеди

Бир катар товарлар интеграциялык биримдиктин рыногуна жеңилдетилген схема менен алып келинери айтылды. Бизнес жаатындагыларга бул жеңилдиктерди активдүү колдонуу сунушталды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттерине айрым товарларды алып кирүү эрежеси жеңилдеди. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) төрагасы Михаил Мясникович ЕАЭБдин Иштиктүү кеңешинин президиумунун жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ЕЭКтин кеңеши менен коллегиясы "товардын 451 түрүн ЕАЭБдин аймагына алып кирүүдө бажы-тарифтик механизмин жеңилдетүү" боюнча чечим кабыл алышты. Кеп азык-түлүк продукциясы, курт-кумурскадан коргой турчу химиялык заттар, жер семирткичтер, дары-дармектер тууралуу болуп жатат.
"Бул керектөө рыногун жөнгө салууга өбөлгө түзөт", — деген Мясникович.
Мындан тышкары, электрондук продукцияны өндүрүү, санарип технологияларын өнүктүрүүгө багытталган товарлар менен жеңил өнөр жайга керектүү продукцияны ЕАЭБдин аймагына жеткирүү боюнча чечим кабыл алынган. Бир нече товар интеграциялык биримдиктин рыногуна (куруучуларга, транспорт кызматкерлерине жана металлургдарга керектүү товарлар) жеңилдетилген схема менен алып келинери айтылды.
"Бизнес жаатындагылар бул жеңилдиктерди активдүү пайдаланышы үчүн аларга багыт бериңиздер. Биз ЕЭК жана жогорку деңгээлдеги жумушчу топ менен санкциянын кесепетин минималдаштыруу үчүн башка сунуштарды да карап чыгууга даярбыз", — деди ЕЭК директору.
Жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун курамына ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин улуттук банктарынын башчылары, экономика, финансы министрлери жана ЕЭКтин министрлери кирет.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Пресс-борбор
ЕАЭБ өз ара эсептешүүлөрдү улуттук валюта менен жүргүзүүгө камынып жатат