Радио

Абджунушева: Бишкекте бак-дарак көп тигиле баштады

Энвер Гареев атындагы ботаникалык бактын илим-изилдөө институтунун дарак жана бадал өсүмдүктөрү лабораториясынын илимий кызматкери, дендролог Тамара Абджунушева акыркы учурда Бишкекте бак-дарак, бадалдын түрлөрү көп тигиле баштаганын айтты.
Sputnik
Борбордогу ботаникалык бакта бак-дарак, бадал, гүлдөрдүн жаңы түрлөрү отургузулган. Институт илим-изилдөөгө маани берип, жаңы сортторду чыгарууга да аракет көрөт. Бул тууралуу Тамара Абджунушева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, талга курт көп түшкөндүктөн Бишкекте анын саны аз катталган.
"Энвер Гареев атындагы ботаникалык багы аймагы жагынан Орто Азияда алдыда туруп, өсүмдүктөрдүн миңдеген түрүн камтыйт. Институт илим-изилдөөгө маани берип, бул жаатта көп иштерди жасады. Убагында Фрунзе жашыл шаар катары бүткүл союзда белгилүү эле. Тилекке каршы, азыркы Бишкекке мындай макам берүү кыйыныраак. Калаада тигилген бак-дарактардын көбү өткөн жүз жылдыктын 70-80-жылдары отургузулуп, көбү эскирди. Кээ бири убагында каралбай түрдүү ооруларга кабылды. Бирок акыркы учурда Бишкекте бак-дарак көп тигиле баштады. Жаңы парктарда, борбордук көчөлөрдө бадал, бактын түрлөрү тигилип жатат. Борбордо көбүнесе кара жыгач, четин, ак чечек, жөкө дарак өстүрүлүүдө", — деди Абджунушева.
Ошондой эле адис ботаникалык бакта географиялык принципке ылайык бак-дарактардын түрлөрү тигилип, алардын санын көбөйтүүгө, сактоого көңүл буруларын кошумчалады.