Бишкекке жаңы вице-мэр дайындалды

Тийиштүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
Маалыматка караганда, Жамалбек Ырсалиев калаанын вице-мэри болуп дайындалды. Ал эми Максатбек Сазыкулов Биринчи май районун жетектемей болду.
Мындан тышкары, Президенттин администрациясынын чечимдерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн эксперти Азиз Садырбеков ротация жолу менен мэриянын аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.
Эске салсак, Жамалбек Ырсалиев өткөн жылы Бишкектин биринчи вице-мэри болчу. Бирок сентябрь айында Биринчи май районунун акими болуп дайындалган.
Санариптик өнүктүрүү министринин жаңы орун басары дайындалды