Бишкектин борбордук бөлүгү саат 13:30га чейин жабык болот

Буга чейин "Ала-Тоо" жана эски аянттарга 24-мартта кечки саат 22:00дөн 25-март саат 11:00гө чейин кирүүгө болбой турганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгү саат 13:30га чейин жабык болот. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу кабарлады.
Эске салсак, буга чейин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейин тосулаары айтылган. Бул иштер чек арачылар менен ӨКМге жаңы техникаларды тапшыруу салтанатына байланыштуу жасалууда.
Бирок шаардын борбордук бөлүгү ачыла элек. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары Кайгуул милициясы менен байланышканда, алар убакыт 13:30га чейин узартылганын билдиришти.
Бишкектин чок ортосуна аскер техникалары коюлду. Видео