Лавров: Батыштын элдин баарын тебелеп-тепсейин деген максаты ишке ашпайт

Министр дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгү Батыштын санкциялык саясатын колдонгон оюнуна кошулбай турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү Россияга каршы санкцияларга кошулбайт. Батыштын элдин баарын тебелеп-тепсейин деген максаты ишке ашпайт. Бул тууралуу РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров Горчаков атындагы коомдук дипломатияны колдоо фондунун жыйынында айтканын РИА Новости жазды.
"Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери бир оюн менен ойноону каалабайт. Аларга кысым көрсөтүлүп жатат, бирок Батыштын БУУда көз боёмочулук кылып жаткан чагымчыл пропагандалык тексттерине эмес, чыныгы соода-экономимкалык байланыштардын абалына караш керек", — деген Лавров.
Министр дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгү Батыштын санкциялык саясатын колдонгон оюнуна кошулбай турганын белгилеген. Ал дүйнө мамлекеттер аралык тең салмактуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Батыш Россияга чыныгы гибриддик согуш жарыялады