Жума күнгө карата аба ырайы

25-мартка караган түнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. 24-марттан 28-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүп, кар күрткү пайда болушу күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык кыймыл чектелиши зарыл. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +8...+13, Талас жана Ысык-Көл өрөөндөрүндө +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +12...+17, Нарында +5...+7 градус жылуу болору болжолдонду.
Күндүн табы Ош шаарында +14...+16 градуска жетсе, борбор калаада +11...+13 градуска чейин көтөрүлөт.
Ысык-Көлдө кардан улам ашуулар жана жолдор убактылуу жабылды