Ысык-Көлдө кардан улам ашуулар жана жолдор убактылуу жабылды

Айрым жолдор эки-үч күнгө жабылса, кээ бирлери качан ачылары белгисиз. Бардык жерде жол тейлөө мекемелеринин техникалары иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдө калың жааган кардан улам ашуулар жана жолдор убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Аба ырайына байланыштуу жабылган ашуу менен жолдор:
24-26-мартка чейин Каракол — Эңилчек унаа жолунун 38-112-чакырымы;
Чоң-Ашуу ашуусу. Тазалоо иштери аймакта бороон-чапкын болуп жаткандыгына байланыштуу белгисиз убакытка токтотулду;
Барскоон — Ак-Шыйрак жолундагы Сөөк ашуусу. 22-мартта кар көчкү түшүп, тазалоо иштери жүрүүдө;
Түп — Кеген унаа жолу эки тараптуу жабылган. Учурда тазалоо иштери кызуу жүрүүдө.
ӨКМдин маалыматы боюнча, калың кардан жана кар көчкүдөн жабыркагандар катталган жок. Бардык жерде жол тейлөө мекемелеринин техникалары иштеп жатат.
Көчкү түшүшү мүмкүн болгон жолдордун, ашуулардын тизмеси