Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинада курман болгон Дорбоевдин сөөгүн Ысык-Көлгө алып келишти

Подводка: Кыргызстанда төрөлүп, Россиянын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн Дорбоев атайын операцияда баатырларча курман болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Украинадагы атайын операцияда аскердик кызматын өтөп жатып курман болгон Россия жараны, Кыргызстанда туулган Эгемберди Дорбоевдин сөөгү мекенине, Ысык-Көлгө алып келинди. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлады.
Дорбоевдин сөөгү бүгүн кечке жуук кичи мекени Кара-Ой айылына жеткирилген. Качан коюла турганы белгисиз.
Буга чейин Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операцияда аскердик милдетин өтөп жатып Россия жараны, Кыргызстанда туулган, Россиянын Куралдуу күчтөрүндө келишим менен иштеген катардагы жоокер Дорбоев Эгемберди Бекказымович баатырларча курман болгонун кабарлаган.
Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган. РФ Куралдуу күчтөрү аскердик инфраструктураларга жана украин аскерлерине гана сокку уруп жатканын билдирүүдө.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лондон украиналык аскерлерди даярдыктан өткөргөнүн тастыктаган документ табылды