Токойлорду инвентаризациялоо улуттук долбоордун талаа иштери жыйынтыкталды. Тактап айтсак, 3 744 сынамык аянттарындагы иштер бүттү. Бул тууралуу Нургазы Чодоев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда камералдык (чогултулган маалыматтар менен иштөө - ред.) иштер аткарылууда.
"Пандемияга байланыштуу токойлорду инвентаризациялоо боюнча улуттук долбоор бир жылга кечикти. Ошентсе да талаа иштери учурда толугу менен бүткөрүлүп, чогулган маалыматтар менен иштеп жатабыз. Долбоордун жыйынтыгында токой чарбачылыгынын иши санариптешип, онлайн карталар түзүлүшү каралган. Азыркы учурда жалпы токойлордун эмес, бирок 41 токой чарбасынын интерактивдүү карталары даяр болду. Мындан сырткары, ар бир токой чарбасына токойлорду көбөйтүү багытында алдыга коюлган тапшырмаларды аткаруу, алдыдагы 10 жылдык иш план жана эмне иштерди жасагандыгын камтыган картографиялык материалдары кошо даярдалып берилип жатат", — деди Чодоев.
Ал токойлорду инвентаризациялоо боюнча улуттук долбоор ушул жылдын III кварталында жыйынтыкталып каларын кошумчалады.