Россияда "көрүнбөс омикрон" штаммы жайылып кетти

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги "көрүнбөс омикрон" штаммы тууралуу маалымат берген. Ага ылайык, “омикрондун” жаңы варианты мурда ооругандарга жугуп, жөнөкөй “омикронго” салыштырмалуу катуураак өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Россияда "көрүнбөс омикрон" штаммы (stealth omicron) жайылып, дээрлик бардык региондоруна жетти. Бул тууралуу Роспотребнадзор мекемесиндеги илдеттерди аныктоо боюнча жаңы ыкмаларды издеген илимий топтун жетекчиси Камиль Хафизовго шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Дүйнөгө тарап кеткен "көрүнбөс омикрон" штаммы Россиянын бардык региондорунда катталууда. Бирок ал жалпысынын коронавирустун кайрадан өсүп кетишине алып келбейт деген божомолдор бар", — деди адис.
Буга чейин Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги "көрүнбөс омикрон" штаммы тууралуу маалымат берген. Ага ылайык, “омикрондун” жаңы варианты мурда ооругандарга жугуп, жөнөкөй “омикронго” салыштырмалуу катуураак өтүүдө.
"Көрүнбөс омикрон" деп аталганынын себеби: аны ПЦР-тест жакшы аныктай албай жатат.
Вирусолог Нурматов өлкөдө COVID оорусу эмнеге азайганын айтып берди