Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу эмнеге көрүнбөй кеткени айтылды

Дмитрий Песковдун айтымында, коргоо министри Сергей Шойгунун ден соолугу жайында, ал ооруп жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун учурда ЖМКда активдүү болууга убактысы жок. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.
Эске салсак, айрым ЖМКлар Шойгу бир нече күндөн бери көрүнбөй калганын жазышкан.
"Азыр коргоо министринин колу бош эмес, атайын операция өткөрүлүп жатканын жакшы билесиңер. Чынын айтканда, ЖМКда активдүү болчу учур эмес. Ошондой эле анын ден соолугу начар болуп жатат деген маалыматтар дагы жалган", — деди Песков журналисттердин Шойгу тууралуу суроосуна.
Көп өтпөй Сергей Шойгу Батыштын санкцияларынан улам мамлекеттик коргонуу боюнча чаралар кантип ишке ашып жаткандыгы тууралуу жыйын өткөргөнүн маалымдады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Шойгунун Украинага ыктыярчыларды тартуу сунушуна макул болду