Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия Украинанын бошотулган жерлеринин пенсионерлерине 10 миң рублден төлөп берет

Жабыркагандарга финансылык жардам тараткан жайлар иштеп баштаганын, алардын коопсуздугун Росгвардия камсыздап жатканы кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Москва Украинадагы бошотулган жерлердин жашоочуларына материалдык жардам берет. Бул туурасында РИА Новости РФтин ӨКМине таянып билдирди.
"Бир жолку төлөп бериле турган акча социалдык жактан коргоосуз болгон катмардагы калкка, тагыраагы, пенсионерлер менен бюджеттик тармактын кызматкерлерине багытталган", — деп айткан ведомстводон.
Ал жакта учурда финансылык жардам тараткан жайлар иштеп баштаганын жана алардын коопсуздугун Росгвардия камсыздап жатканы кабарланды.
"Алгачкы арыздар кабыл алынды. Элге ЖМК аркылуу маалымат берилип, уккандар коңшулары, тааныштарына бул кабарды таратып жатышат. Иш жаңы гана башталгандыгын, бизге берилген тапшырма толук аткарыларын белгилеп кетмекчимин", — деген ӨКМ жетекчиси Александр Чуприян.
Россия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирген. Тилекке каршы, эки тараптан тең адам курмандыктары бар.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лондон украиналык аскерлерди даярдыктан өткөргөнүн тастыктаган документ табылды