Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лондон украиналык аскерлерди даярдыктан өткөргөнүн тастыктаган документ табылды

Документ Биринчи дүйнөлүк согушта түзүлгөн Падышалык танк полку тарабынан берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Донбасста согушуп жаткан украиналык аскерлер британиялык инструкторлордон сабак алгандыгын тастыктаган сертификат алышкан. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Агенттиктин кабарчысы бошотулган Волноваха шаарынан жашыруун жайды тапкан. Анда британиялык инструкторлордун катышуусунда кенже сержанттарды даярдаган курстан Борис Казарян аттуу украиналык жоокердин өткөнү тууралуу сертификат табылган. Ал эми үйдүн короосунда өтө көп өлчөмдө NLAW гранатомет бар экени белгилүү болгон.
Документ Биринчи дүйнөлүк согушта түзүлгөн Падышалык танк полку тарабынан берилип, полковник М. Эванстын колу коюлган. Ага ылайык, окутуу төрт модулдан турат: "Куралды туура колдонуу", "Навигация", "Медициналык тренинг" жана "Жуптук кыймыл".
Окутуу курсу 2018-жылдын 17-октябрынан 2-ноябрга чейин созулган. Тагыраагы, Лондон Украинага танкага каршы NLAW гранатометторун расмий жеткире баштаганга чейин эле (гранатометтор 2022-жылдын башында ташыла баштаган) жүргүзүлгөн.
Буга чейин Вован жана Лексус аттуу пранкерлер Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес менен Украинанын премьер-министри Денис Шмыгалдын атынан видеоконференция аркылуу сүйлөшкөн. Ал Британия Украинаны НАТОго киргизүү үчүн беш жыл даярданганын билдирген. Ал ошондой эле так ушул себептен "жаңы деңгээлге чыгыш" үчүн республикага беш жыл бою аскердик адистерди жөнөтүп турушканын белгилеген. Коргоо министри Украинага өзөктүк курал алууга жардам берүү мүмкүнчүлүгүн да айта кеткен. Ошондой эле Украина армиясына танкага каршы төрт миң ракета жеткирилерин тастыктаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пранкер менен сүйлөшкөн британиялык министрдин видеосун өчүртүү аракети жүрүп жатат