Москвада Нооруз майрамдалып, Кыргызстанга "виртуалдуу саякат" уюштурулат

Майрам Navruz.Online. атайын платформасы аркылуу онлайн-форматта өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Москвада 27-март, дүйшөмбү күнү, жалпы, шаардык масштабда Нооруз майрамы өткөрүлөт. Бул туурасында РФтин борбор калаасынын Улуттук саясат жана региондор аралык байланыш департаменти билдирди.
Коронавирустук чектөөлөрдөн улам майрам Navruz.Online. атайын платформасы аркылуу онлайн-форматта өтөт. Былтыр трансляцияны 1,2 миллион адам көргөн. Бул ирет 1,5 миллион көрүүчү күбө болору күтүлүүдө.
Бишкек убактысы боюнча саат 14:50дө "Кыргызстанга саякат" презентациясын көрсөтүү пландалган, анда өлкө тууралуу маалымат берилет.
Иш-чараны 35 уюм колдогон, анын ичинде Кыргызстан, Азербайжан, Афганистан, Иран, Казакстан, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү бар. Майрамдык салтанатка UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов, ырчылар Сосо Павлиашвили, Алсу, Ренат Ибрагимов, Бурито жана "Тодес" балети катышары айтылды.
Ыр жаңырган өрүкзар, эл менен кошулуп сүмөлөк кайнаткан Жапаровдун видеосу
Чимириле бийлеген кыздар, майрам, шаң... Бишкектеги Нооруз майрамынан сүрөттөр