Бейөкмөт уюмдар 1-апрелге чейин киреше булагы тууралуу маалымат бериши керек

22-март күнү Кыргызстандын министрлер кабинети "Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу" токтом кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстанда бардык коммерциялык эмес уюмдар 1-апрелге чейин киреше булактары жана каражатты кайда, кандай максатта жумшап жаткандыгы тууралуу маалыматтарды Мамлекеттик салык кызматынын сайтына жарыялашы керек. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, 22-март күнү министрлер кабинети "Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу" токтом кабыл алган.
Ага ылайык, бейөкмөт уюмдардын киреше булагы, каражатты кандай максатта сарптап жатканы жана сатып алып, колдонгон мүлкү боюнча маалымат бериши зарыл.
Депутат Нарматова: бейөкмөт уюмдарга "чет элдик агент" макамын бериш керек