Финансист көп иштеп, бирок акчасын эч нерсеге жеткире албагандарга кеңеш берди

Адистин айтымында, айлыгын эч нерсеге жеткире албаган адамдар адатта колго тийген жумушту иштеп, күнүмдүк түйшүктөн башын көтөрө албайт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Көп иштеп, бирок акчасын эч нерсеге жеткире албаган адамдар алгач өзүн колго алып, чыгымдарды пландоону үйрөнүшү керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек куруп жатып финансылык маселелер боюнча кеңешчи, ишкер Елена Парий билдирди.
"Айлыгын эч нерсеге жеткире албаган адамдар адатта колго тийген жумушту иштеп, күнүмдүк түйшүктөн башын көтөрө албайт. Мындай учурда алдыга жылуу өтө татаал. Андан көрө тыным алып, анализ жүргүзүү керек. Кайсы жактан көбүрөөк акча таап, ошол эле учурда өзүңө дагы убакыт бөлсө болорун аныкташ керек. Анткени адам эс алып, жакындары менен жакшы маанайда, чогуу болмоюн, иштөөгө дем-күч деле табылбайт. Демек, киши майнаптуу иштеп, жакшы акча таба албайт", — деди адис.
Ошондой эле ал чыгымды пландоо керектигин эске салды.
"Пландоо дегендик, чыгымды эсептеп, керексиз нерселерден баш тартуунун эң жакшы жолу. Бирок пландоо биз элестеткендей оңой-олтоң нерсе эмес. Жаңы баштап жаткандар алгач бир аптадан пландап башташы керек. Бара-бара бир айга, андан кийин көбүрөөк мөөнөткө узартса болот", — деди кеңешчи.
Сөзүнүн соңунда адис керээли-кечке акча тууралуу ойлонгон дагы туура эмес экенин эскертет.
Жакындарга жок дей албай бекер иштөөдөн кантип кутулса болот? Адистин кеңеши