Россия газды рубль менен сатса КРде көйгөй жаралбайбы? Министрдин жообу

Кечээ, 23-март күнү, Россия Европага жеткирилген газды рубль менен эсептешүүгө өткөрөрү жарыяланган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Россиянын мунай продукцияларын экспорттоодо рубль менен эсептешүүгө өтүүсү Кыргызстанга көйгөй жаратпайт. Бул туурасында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ, 23-мартта, президент Владимир Путин Россия Европага жеткирилген газды рубль менен эсептешүүгө өткөрөрүн билдирген. Бул тапшырманы аткарууга бир жума убакыт берген.
"Россия тарап мунай продукцияларын рубль менен сата турганын жарыялады. Бүгүнкү күндө россиялык кесиптештер биржадагы баа боюнча рубль менен келишим түзүүгө даяр. Бул бизге эч кандай көйгөй жаратпайт", — деди министр.
Ошондой эле Амангелдиев өлкөнүн каржылык системасы экспорттук-импорттук операцияларды бардык валютада жүргүзүүгө даяр экенин белгиледи.
Доллардын кымбатташы Кыргызстандын быйыл төлөчү карызын 6 млрд. сомго көбөйттү