Дерматовенеролог Тургунбеков: баланын диатезин дарылабаса астмага айланып кетет

Жаз — аллергия баш көтөргөн мезгил. Акыркы жылдары дүйнө жүзүндө аллергиялык тери оорулары, атопиялык жана контакттык дерматит, экземанын түрлөрүнүн өсүшү байкалат. Бул патологиялар тамак-аш, тиричилик, өнөр жай жана дары-дармектин таасири астында пайда болору айтылат.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Республикалык тери-венерология борборунун дерматовенерологу Кундузбек Тургунбеков дерматологиялык илдеттер, алардын түрлөрү, оорунун алдын алуу, сактануу жолдорун айтып берди.
— Аллергиялык дерматоз башка оорулардан эмнеси менен айырмаланат?
— Аллергиялык дерматоздор — тери ооруларынын чоң тобу. Анын негизги себеби тышкы аллергендерге теринин аллергиялык реакциясы болуп саналат. Мисалы, сырттан келген таасирлерге дары-дармектер, тамак-аштар, териге сүртүүчү каражаттар (бальзам, мазь), идиш-аяк жуучу каражаттар кирет. Анын атопиялык дерматит (өнөкөт сезгенүү тери оорусу, адатта, бала чактан башталып калып калат же бойго жеткенде кайталанышы мүмкүн — ред.), аллергиялык контакттык дерматит (аллергия же дүүлүктүрүүчү затка тийгенде пайда болгон теринин сезгениши — ред.), экземанын ар кандай формалары, бөрү жатыш (крапивница), аллергиялык васкулит, токсикодермия (аллергиялык же уулуу-аллергиялык заттардын таасири астында теринин курч сезгениши — ред.) жана башка түрлөрү бар.
— Аллергендер менен контакт болгондон кийин канча убакытта биринчи белгилери пайда болушу мүмкүн. Же бул организмге жараша болобу?
— Бейтапты кабыл алгандан кийин сүйлөшүү аркылуу эмнеден аллергия болгонун аныктайбыз. Канча убакыттан кийин, кандай реакция бергендигин тактап, изилдеп, анан тыянак чыгарабыз. Мында анын ата-энесинин аллергиясы бар же жогу да маанилүү. Ошондо көп нерсе билинет. Биз андан нары дарылоо ыкмаларына өтөбүз. Аллергиянын жай реакция берүүчү жана бат пайда болуучу түрлөрү болот. Айрым аллергендер дароо кызарып, кычышып же дүүлүгүп чыкса, кээ бир дарыларды ичкенде эки-үч күндөн кийин билинет. Анткени дары ошондо сиңет. Негизинен ички аллергия абдан кооптуу. Адам дем жетпей тамагы муунуп калышы мүмкүн.
Кундузбек Тургунбеков: антибиотиктер да аллергия чакырат. Ошол себептен жаш энелер бала бир аз ооруп калса эле антибиотик берүүгө ашыкпаш керек.
— Дерматит, экземалар бири-биринен эмнеси менен айырмаланат?
— Жогоруда контакттык дерматит тууралуу айттык. Аллергиялык жөнөкөй дерматиттен эч ким коргоно албайт. Ал адамдын жеке сезгичтиги жогору болгондугунан келип чыгат. Ар бирөөбүздүн организмибиз ар башка. Аллергиянын татаалдашып кетиши экземага айланат. Анын да эки түрү бар. Биринчиси кургак экзема, экинчиси суюк. Башкача айтканда, ыйлаакча түрүндө болуп, кандын курамынан сары түстөгү плазма бөлүнүп чыгат. Андан кийин тери кургап, катып, жумшак түрүн жоготот. Ал эми анык экзема (экзема истинная) — бул аллергия эмес, өнөкөт оору. Эки жылдан ашып кетсе өнөкөткө айланып кетет. Ага чейин жакшы дарыланса чыкпай да калышы мүмкүн. Бирок медицинада буга эч ким жүз пайыз кепилдик бере албайт. Оорунун пайда болушуна булганган айлана-чөйрө, химиялык заттар менен тез-тез байланышта болуу (турмуш-тиричилик каражаттары, синтетикалык кездемелер, оор металлдар, курулуш материалдары ж.б.), дары-дармек, консерванттар, жасалма витаминдер, фаст-фуд жана тамак-аш кошулмаларын көп колдонуу себеп болот. Андан тышкары, "аллергендик" кесиптер (медициналык, косметология, химиялык, курулуш жана тамак-аш секторлорунун өкүлдөрү) жана тукум куугучтук тенденциялар ооруну чакырат.
Бөрү жатыш да абдан кычыштырып, дене кызарып, шишип чыгат. Мунун кооптуусу өйдө жылып кетсе бетке, моюнга жетип, адамды муунтат. Мында сөзсүз аллергологго же дерматологго кайрылып, тез арада жардам көрсөтүлүшү керек.
Анестезиолог Казатова: наркоз алган соң сырын айтканы да, сөгүнгөнү да болот
— Организмде токсиндер көбөйүп кеткенде аллергия башталарын айтышат. Муну химиялык же уулуу заттарга организмдин жообу катары карасак болобу?
— Жүз пайыз туура деп айта албайм. Бирок бул да аллергиянын бир себеби. Туура эмес тамактануудан организм сөзсүз түрдө интоксикация болот. Анда баланс болушу шарт. Ооруганда тердеп, заара ушатуу менен вирустар чыгып кетерин айтабыз. Бул туура. Адам стресс болгондо же ууланганда да тери кандайдыр бир заттарды сыртка бөлүп чыгарат. Муну организмдин коргонуусу катары карайбыз.
— Стресстин да аллергияга таасири бар экен да?
— Ооба, аллергия менен стресс XXI кылымдын эң чоң көйгөйү болот деп мурда эле болжолдошкон. Эми ошол келип жатат. Стресс болгон адам тамакты ылгабай жеп, пайдалуусун эмес, мээге жаккандай эң таттуусун сатып алат. Анан эндорфиндер бөлүнүп баштайт. Айрымдар алкоголдук ичимдиктерге ыктайт. Ар кимдин стресс менен күрөшүү жолу бар. Кээ бир бейтаптарды психологго жиберем. Көбүнө жардамы тиет экен.
Аллергия — грек тилинен которгондо жийиркенүү дегенди билдирет. Илимий жактан караганда аллергия — бул иммундук реакция. Ар бир адамдын иммундук системасы сырттан кирген пайдасыз, зыяндуу клеткалар менен өзүнчө күрөшөт. Дароо мээден "жаман клетка келди" деген сигнал келгенде, иммундук антитело клеткаларды жок кылат. Аутоиммундук оору абалындагы организм өзүнүкүн да, башка клеткаларды да талкалай берет. Ошондо аллергиялык реакция пайда болот.
Кайсы бир затка кээде аллергия болуп, бирде ага реакция бербеген адамдар бар. Бирок аллергия бир пайда болсо, кийин да кайталанат. Тескерисинче, ал барган сайын күчөшү мүмкүн.
— Дарылоо жолдору тууралуу айтып берсеңиз. Бизде кандай ыкмалар колдонулууда?
— Ар бир мекемеде протокол түзүлгөн. Анын алкагында гана иш алып барылат. Аллергиясы барлар туздуу, майлуу, ачуу, куурулган тамактардан баш тартып, тап менен ичиши керек. Ошондой эле цитрус жемиштерин да жегенге болбойт.
Кундузбек Тургунбеков: аллергия менен стресс XXI кылымдын эң чоң көйгөйү болот деп мурда эле болжолдошкон. Эми ошол келди.
— Аллергодерматоз менен жабыркаган адам дартты толугу менен жеңип чыга алабы? Кепилдик барбы?
— Бул абдан оор суроо. Эч бир дарыгер 100 пайыз сакайтууга сөз бербейт, болгону 70-80 пайыз гана кепилдик бар. Мисалы, псориаз (карттанган кургак чакалай) — бул өнөкөт генетикалык дарт. Буга эч ким кепилдик бере албайт. Бейтап дарыгер көрсөткөн шарттарды күнүмдүк жашоодо так аткарышы керек. Себеби улам-улам дары иче бергенге да болбойт. Дарынын жакшы да, жаман да жагы бар.
Антибиотиктер да аллергия чакырат. Ошол себептен жаш энелер бала бир аз ооруп калса эле антибиотик берүүгө ашыкпаш керек.
Аллергиялык дерматозду кантип дарылоо керектигин бир гана врач айтат. Анткени туура эмес диагноз жана өзүн-өзү дарылоо ыкмалары ооруну өнөкөт формага өткөрүп гана тим болбостон, субдепрессиялык жана жүрүм-турумдун бузулуусуна алып келет. Аллергодерматоз да аллергиялык ринит, поллиноз өңдүү мезгилдик дарт.
Ал эми рецептсиз дары сатып алууну жана дарыкана өзү билип, сунуштап дары-дармек сатууну токтотуусу зарыл. "Бул дарыга окшош эле, ошону эле ала бергиле" деп аналог катары башка препаратты берген фармацевттерди андай кылбоого чакырам.
— Диатез болгон балдардын аллергиясын кантип дарылоо керек?
— Балдардын диатез оорусун жана ринитти (мурундун былжыр челинин сезгениши жана шишиги) убагында жакшы дарылабаса бара-бара бронхиалдык астмага айланат. Буга олуттуу мамиле жасоо керек. Диатез болгон наристеге дарыгердин сунушу менен аллергияга каршы дары-дармектерди ичире берсе болот. Алгач антигистаминдерди жазып беребиз, ал жардам бербесе глюкокортикостероиддерди (бөйрөк бездеринин үстүнкү кабыгынын гормондор касиетине ээ болгон табигый же синтетикалык препараттар, буларга метилпреднизолон, преднизон, дексаметазон кирет) кошобуз.
— Кош бойлуу кезинде аллергия болгон аялдар кандай дарыланат?
— Ар бирине жекече мамиле жасалат. Өтө этияттык менен текшерип, аллергиянын тибине, ден соолугуна жараша дарылайбыз. Аллергия кийин балага 100 пайыз өтөт деп айта албайбыз. Ар кандай болот.
Гемодиализ алууда медициналык жабдыктын сапаты да маанилүү. Адистин маеги