Күн ачылабы? Дем алышка карата аба ырайы

Ишемби күнү кээ бир облустарга жамгыр жаабайт. Бирок көпчүлүк жерлерде жаан болуп, тоолуу аймактарга кар түшүүсү күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолун берди.
Билдирмеге караганда, апта этеги жамгырлуу болуп, айрым аймактарда кар жаашы ыктымал. Бишкекте да күндүн көзү ачылбайт деп божомолдонууда.

Чүй, Талас облустары

26-мартта күндүз жана 27-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн дешти. Ал эми 27-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо нөшөрлөгөн жамгыр болорун божомолдошту. Таласта дагы дем алыш күндөрү жаан жаашы күтүлүүдө.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

26-мартта Ошто күндүн көзү бузулбайт, бирок жекшембиде, 27-мартта, жамгыр болот. Жалал-Абад менен Баткенде жаан, тоолуу аймактарына кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы 7...12 градуска чейин жылуу болот.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Нарында ишембиде, 26-мартта, күн ачык болуп, термометр +9...+11 градусту көрсөтөт. Жекшембиде аба ырайы бузулуп жаан, кар жаашы мүмкүн.
Кечиккен кыш. Карга оронгон Бишкектин 12 сүрөтү