Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

БУУ Россиянын Украина боюнча гуманитардык резолюциясын четке какты

Резолюция долбоорун даярдоого Россиядан тышкары Беларусь, Түндүк Корея жана Сирия мамлекеттери катышкан. Документ өтүп кетиш үчүн 15 добуштун бери дегенде тогузун алышы керек болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Россиянын Украина боюнча резолюциясынын долбоорун колдогон жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Резолюция долбоорун даярдоого Россиядан тышкары Беларусь, Түндүк Корея жана Сирия мамлекеттери катышкан. Документ өтүп кетиш үчүн 15 добуштун бери дегенде тогузун алышы керек болчу. Бирок аны Кытай менен Россия гана колдоду. Калгандары унчукпай турууну чечти.
БУУнун мындай чечими боюнча уюмдагы Россиянын туруктуу өкүлү Василий Небензя сын пикирин айтты.
"Добуш берүү учурунда муктаж болуп турган элге гуманитардык жардам көрсөткөнгө караганда, өздөрүнүн саясий кызыкчылыгын жогору баалаган тараптардын анык жүзүн көрдүк. Бул жактан айрым делегациялар Россия демилгелеген резолюцияга катышпайбыз деп айтып жатканын уктук. Өзгөчө бул позицияны АКШнын делегациясы катуу карманды. Анда эмнеге ага каршы добуш берип койбой, унчукпай турууну чечти?" — деди Небензя.
Батыш өлкөлөрүнүн чечимине Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь дагы нааразы болду.
"Коопсуздук кеңеши резолюцияны кабыл алып бербегени өкүндүрөт. Учурда эл аралык коомчулук Украинадагы ок атуулар токтотулушун тилеп отурат", — деди Кытайдын өкүлү.

Документтин маңызы кандай?

Сунушталган долбоор боюнча БУУнун Коопсуздук кеңеши атайын операция болуп жаткан аймакта ок атууну токтотуп, чыгып кетүүнү каалаган жай тургундарды эвакуация кылууга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылышы керек. Мындан тышкары:
БУУ тараптардан жай тургундардын коопсуздугун талап кылышы керек;
жарандык инфраструктураларга, эл көп жашаган аймактарга аскердик объектилерди орнотпоо талабын коюшу зарыл;
Коопсуздук кеңеши медиктердин, ооруканалардын жана аларга тиешелүү автоунаалардын коопсуздугун талап кылат;
Украинадан чыгып кетүүнү каалаган (анын ичинде чет элдиктерге) мүмкүнчүлүк түзүп берүү;
муктаж болгондорго тоскоолдуксуз гуманитардык жардам жеткирүү.
Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган. РФ Куралдуу күчтөрү аскердик инфраструктураларга жана украин аскерлерине гана сокку уруп жатканын билдирүүдө.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчилик: Кыргызстанда туулган россиялык жоокер Дорбоев Украинада курман болду