Бишкектин борбору тосулду. Сүрөт

Борбордук жана эски аянттар чек арачылар менен ӨКМге жаңы техникаларды тапшыруу салтанатына байланыштуу тосулган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кайгуул милиция башкармалыгы "Ала-Тоо" аянтына кирүүчү жолду жапты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын ошол жерде жүргөн кабарчысы билдирди.
1 / 4

Кайгуул милиция башкармалыгы "Ала-Тоо" аянтына кирүүчү жолду жапты

2 / 4

Буга чейин "Ала-Тоо" жана эски аянттарга 24-март кечки саат 22:00дөн 25-март саат 11:00гө чейин кирүүгө болбой турганы кабарланган

3 / 4

Панфилов көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейин тосулган

4 / 4

Бул иштер чек арачылар менен ӨКМге жаңы техникаларды тапшыруу салтанатына байланыштуу жасалганы айтылган

Буга чейин "Ала-Тоо" жана эски аянттарга 24-март кечки саат 22:00дөн 25-март саат 11:00гө чейин кирүүгө болбой турганы кабарланган. Анда Панфилов көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейин тосулаары айтылат. Бул иштер чек арачылар менен ӨКМге жаңы техникаларды тапшыруу салтанатына байланыштуу жасалууда.
Эске салсак, Кыргызстанга 22-мартта Россиядан өрт өчүрүүчү заманбап 58 техника алып келинген.
"Ош-Тазалык" жаңы 12 техникалуу болду. Сүрөт