БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы унаа токтотуучу жайларды эми Бишкек мэриясына караштуу муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти көзөмөлдөйт. "Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар" ишканасы жоюлуу алдында турат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, муниципалдык унаа токтотуучу жайлар кадимки тартипте иштей берет. Иштөө убактысы саат 8:00дөн 20:00гө чейин. Бирдиктүү тариф — 25 сом.
Муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын дареги:
Киев көчөсүнүн Жаш Гвардия проспектинен Кулиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Бейшеналиева көчөсүнүн Москвадан Рыскулов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Токтогул көчөсүнүн Жаш Гвардия проспектинен Ала-Арча суусунан өткөн көпүрөгө чейинки бөлүгү;
Кулиев көчөсүнүн Токтогулдан Чүй проспектине чейинки бөлүгү;
Безымянная көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Безымяннаядан Сүйөркуловго чейинки бөлүгү;
Сүйөркулов көчөсүндө (Жукеев Пудовкин көчөсү);
Юнусалиев көчөсүндө (Сүйөркулов көчөсү);
Кулатов көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Матросов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Сүйүмбаев көчөсүнүн Чүйдөн Огонбаевге чейинки бөлүгү;
Исанов көчөсүнүн Чүйдөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Ибраимов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Клубный кууш көчөсү ("Сары-Өзөн" базары);
Курманжан Датка көчөсүнүн Жибек Жолу проспектинен Славянский кууш көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Токтогул көчөсүндө "Мото" соода борборунун жанында;
Шопоков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки бөлүгү;
Бобулов көчөсүнүн Чүй проспектинен Пушкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;
"Мадина" базарында (жаңы жол);
Бөкөнбаев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Киев көчөсүнүн Манас проспектинен Керимбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Киев көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Мэриянын операторлору "Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар" муниципалдык ишканасынын логотиби жазылган кийимчен болот. Бейджиктерди тагынган кызматкерлер төлөмдү тастыктап, мөөр коюлган талон бериши шарт.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.