Бишкекте маршрутканын айдоочусу бакты сүзүп каза болду. Сүрөт

Айдоочу автоунааны башкара албай жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Маршрутканын ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес, башка жабыркагандар жок.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкекте №193 маршрутканын айдоочусу жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерден көз жумду. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, каргаша бүгүн эртең менен 7-Апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда айдоочу автоунааны башкара албай жол жээгиндеги бакты сүзүп, ошол жерден каза болгон. Маршрутканын ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес, башка жабыркагандар жок.
Учурда кырсык катталган жерде Милициянын кайгуул кызматы иш алып барууда.
Кеминде Steрwgn тосмону сүзүп, үч адам набыт болду. Кырсыктын сүрөттөрү