Бишкектин айрым райондорунда газ беш күн жок болот

"Газпром Кыргызстан" компаниясынын кызматкерлери илгери ишке берилген газ өткөргүчтөн сызылып чыккан газды токтотот.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын айрым райондорунда 28-марттан 1-апрелге чейин жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясы билдирди.
Бул күндөрү компаниянын кызматкерлери Мурманск жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1973-жылы ишке берилген газ өткөргүчтөн сызылып чыккан газды токтотот.
Бул көйгөй былтыр ноябрда эле аныкталып, бирок күзгү-кышкы жылытуу мезгилин эске алуу менен тиешелүү жумуштар анда убактылуу гана жасалган. Аба ырайынын жылышы менен иштер уланганы турат.
"Буга байланыштуу Алыкулов, Киров, Абакан, Фрунзе көчөлөрүндө жана Баетов көчөсү, 1 дарегиндеги "Продимпекс" ЖЧКсында газ жок болот", — деп жазылган маалыматта.
"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.
Бишкектин кээ бир жерлеринде эртең суу өчөт