Автобустагы жылкы. Алматыда тартылган видео

Окуяны видеого жүргүнчүлөрдүн бири тартып алган. Кадрлардан көрүнүп тургандай, ээси көздөгөн аялдамага жеткенде жылкы дагы автобустан жай баракат түшүп кетет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Алматы шаарында жүргүнчүлөрдүн бири эл ташыган автобуска токулгалуу жылкыны салып бара жаткан видео тарады. Ал Sputnik Казакстан маалымат агенттигинин Telegram каналына дагы жүктөлдү.
"Кеп аттын кантип автобуска киргенинде эмес. Айдоочу менен кондуктор буга кантип макул болгону табышмак", — деп жазылат видеонун сүрөттөмөсүндө.
Окуяны видеого жүргүнчүлөрдүн бири тартып алган. Кадрлардан көрүнүп тургандай, ээси көздөгөн аялдамага жеткенде жылкы дагы автобустан жай баракат түшүп кетет.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Тилин соймоңдотуп... Ажатканадагы кескелдириктин жүрөк үшүткөн видеосу