БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Улуттук банк Кыргызстандагы банктардын уставдык капиталын 1 миллиард сомго чейин жогорулатууну (азыр 600 миллион сом) пландап жатат.
Улуттук банк буга бир нече себептерди келтирди:
валюталар курсунун жогорку өзгөрмөлүүлүгү менен коштолгон өлкөдөгү кырдаал;
банк системасынын туруктуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн чыңдоо;
ар кандай экономикалык кырдаалда ички таасирлерге каршы турууда банк системасынын ийкемдүүлүгүн жана жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.
"УБ кайра түзүлгөн жана иштеп жаткан банктардын, анын ичинде чет өлкөлүк банктардын филиалдарынын уставдык жана өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн талаптарын баскыч-баскычы менен жогорулатуу жөнүндө маселени карайт", — деп айтылган билдирүүдө.
Улуттук банктын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү боюнча жаңы талаптарга болжолдуу сандык багыты 1 (бир) млрд. сом болуп саналат, мында системалуу мааниге ээ банктар үчүн талаптардын өлчөмү көрсөтүлгөн суммадан жогору болот.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.