УКМК баңгизат саткандарды калкалап жүргөн деп полковникти кармады. Сүрөт

Мурда баңгизат сатууга шектелип үч адам колго түшкөн, андан соң "колдоочусу" кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Баңгизат сатуу менен алектенгендерди калкалап жүргөн ИИМдин мурдагы кызматкери, милициянын полковниги Р.Ю.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Баңгизат сатуу менен алектенгендерди калкалап жүргөн ИИМдин мурдагы кызматкери, милициянын полковниги Р.Ю.М. кармалды

2 / 4

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып, өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча иш козголгон

3 / 4

Анда коңшу мамлекеттин аймагына мыйзамсыз түрдө 11,51 килограмм баңгизат алып өтүү аракети менен А.М.А. жана К.К.М. аттуу жарандар колго түшүрүлгөн

4 / 4

Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмышка катыштыгы бар үчүнчү адам, мурда окуя болгон жерден качып кеткен О.А.Ы. кармалган.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып, өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча иш козголгон. Анда коңшу мамлекеттин аймагына мыйзамсыз түрдө 11,51 килограмм баңгизат алып өтүү аракети менен А.М.А. жана К.К.М. аттуу жарандар колго түшүрүлгөн. Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмышка катыштыгы бар үчүнчү адам, мурда окуя болгон жерден качып кеткен О.А.Ы. кармалган.
"Алардын калкалоочусу катары милициянын отставкадагы полковниги Р.Ю.М. кармалды. Анын үйүн тинтүү учурунда баңгизат табылган. Бул жагдай анын баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар экенин тастыктады", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда О.А.Ы. жана Р.Ю.М. Талас облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Былтыртан бери интернеттен баңгизат саткан 30 дүкөндүн иши токтотулду. Видео