Түркия Көчмөндөр оюндарын кайсы күндөрү өткөрө турганын кабарлады

Йылдырым Мамытовду спорттук-маданий иш-чарага конок катары катышып кетүүгө чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында өтөт. Бул туурасында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырымды кабыл алган учурда белгилүү болду.
Жолугушууда түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу жана бул жааттагы аксакалдардын ролу тууралуу сөз болгон. Соңунда Йылдырым Мамытовду күздө өтө турган Көчмөндөр оюндарына конок катары катышып кетүүгө чакырган.
Түркияда Көчмөндөр оюндарына даярдык башталды. 76 өлкө катышат