БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Чүй облустук милиция Токмокто үч адам дайынсыз жоголгонун айтып, издөө иштерине жардамдашууга чакырды.
Маалым болгондой, 19-январда милицияга Д.А. аттуу жаран кайрылып, 29 жаштагы аялы Сытина Анастасия Игоревна менен жети жаштагы уулу Дьяков Евгений Анатольевичти издеп жатканын айткан.
Сытина Анастасия Игоревна
© Фото / пресс-служба МВД КР
Алар ушул жылдын 11-январында Токмоктогу үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес.
Дьяков Евгений Анатольевич
© Фото / пресс-служба МВД КР
Белгилери:
Анастасия — бою 170 см. Кара куртка, кызыл топу кийип жүргөн.
Евгений — бою 110 см, чачы сары. Спорттук кара шым, үстүнө кышкы көк түстөгү куртка кийип жүргөн.
Мындан сырткары, 18-мартта Токмок шаарынын ички иштер органдарына Назима Жакшыбаева аттуу 16 жаштагы небересин табууга жардам берүүнү өтүнүп О.А. аттуу аял кайрылган. Ал үйүнөн 17-мартта чыгып кеткен боюнча дайынсыз.
Назима Жакшыбаева
© Фото / пресс-служба МВД КР
Белгилери:
Бою 150-155 см. Көзү, чачы кара. Көк түстөгү жынсы шым, кара куртка, кроссовка кийип жүргөн.
Кимдир бирөөнүн изделип жаткан адамдар тууралуу маалыматы болсо, төмөнкү телефон номерлерге чалса болот:
Чүй ОИИБдин нөөмөт бөлүмү — (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85;
Токмок ИИБдин нөөмөт бөлүмү — (0312) 60-73-63, 0501 900 065.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.