Чабалекейдин эки түрү бар. Шаар жана кыштак чабалекейи болуп бөлүнөт. Таранчынын Кыргызстанда беш түрү жашайт. Бул тууралуу Сейитказы Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда адамдын кайдыгер мамилесинен улам жогоруда аталган канаттуулар азайып баратат.
"Чабалекей жана таранчылар адам менен аралашып жашайт. Алардын таап жей турган жеми биздин колубузда. Башкача айтканда, бул канаттууларга жем чачып туруу керек. Советтер Союзу учурунда коомчулук жаратылыш менен байланышкан мындай иштерге кең пейилдүүлүк менен активдүү катышчу. Азыр баары тескерисинче болуп калды. Алар үйлөрдүн коңулдарына, бастырмалардын астына уя жасашат. Тилекке каршы, мындай мүмкүнчүлүктөрдү калтырбай эле биз баарын жылчык калтырбай тосуп салабыз. Ошону менен бирге эле мурда таранчы, чабалекей сыяктуу адам менен аралаш жашаган канаттууларга жем чачуу иштери уюштурулуп турчу. Азыр булар таштанды чакаларынан гана тамактанып калышты. Билинбегени менен аталган канаттуулардын адам жашоосуна жана жалпы экосистеманы сактоодо пайдасы зор. Мисалы, шаар чабалекейлери чымын-чиркейлер менен тамактанса, таранчылар бак-дарактарды зыяндуу курттардан арылтат", — деди Сагынбаев.
Орнитолог адам менен аралаш жашаган канаттууларды сактоо боюнча коомчулуктун көңүлүн бурган жалпы республикалык иш-чараларды уюштуруу мезгил талабы болуп турганын кошумчалады.