Песков: Россия өзөктүк куралды өлкөгө олуттуу коркунуч жаралса колдонушу мүмкүн

Кремль өкүлү өзөктүк курал тууралуу улуттук коопсуздук боюнча концепцияда жазылып, айтылгандыгын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Россия өзөктүк куралды өлкөнүн коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаралса колдонушу ыктымал. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков CNN телеканалынын эфиринде айткан.
"Бизде улуттук коопсуздук боюнча концепция бар. Ал баарына жеткиликтүү. Өзөктүк курал кайсы учурда колдонула турганын ошол жактан окуп алсаңар болот. Башкача айтканда, кокус өлкөнүн коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаралса, анда курал концепцияга ылайык пайдаланылышы мүмкүн", — деген ал.
Кремль өкүлүнүн айтымында, башка себептер текстте көрсөтүлгөн эмес.
РИА Новости билдиргендей, буга чейин ТИМ башчысынын орун басары Сергей Рябков Москва өзөктүк курал маселесине аскердик концепциянын жобосуна ылайык, өтө жоопкерчиликтүү мамиле жасаарын маалымдаган.
Дипломат Россия бир нече убакыт мурда башка ири державалар менен диалогдо "өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт жана ал эч качан башталбашы керек" деген базалык принципти кайрадан тастыктаганын эскерткен. Январдын башында Россия, АКШ, Кытай, Улуу Британия жана Франция өзөктүк согушту алдын алуу жана куралдануу жарышына жол бербөө боюнча айтышкан. ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова белгилегендей, документ Россиянын демилгеси боюнча даярдалган.
Песков буга чейин Владимир Путин башкы командачы катары мамлекет жарандарынын коопсуздугун жетиштүү деңгээлде камсыз кылуу үчүн чара көрүп жатканын айткан.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аргасыздык. АКШ Россия менен атомдук келишим түзөбү?