Россия Кыргызстанга импорттолгон дан азыктарына квота берүүнү пландап жатат

Министрдин орун басары маселе дээрлик чечилип калганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында ЕАЭБ өлкөлөрүнө Россиядан дан азыктарын импорттоого квота берүү макулдашылды. Бул туурасында экономика жана коммерция министринин орун басары Эльдар Алишеров Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
"25-мартта ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин баары дан азыктарын өндүрүү жана керектөө жөнүндө маалымат бериши керек. Анын негизинде Россия тарап квотага киргизүү маселесин иштеп чыгат. Бул маселе дээрлик чечилип калды, көйгөй жаралышы мүмкүн эмес. Техникалык тарабы гана калды", — деди Алишеров.
Ошондой эле ал биримдиктин Казакстандан башка бардык мүчөлөрү квота алууга кызыкдар болуп жатканын белгиледи.
Буга чейин Россия дан азыктарын 30-июнга, кумшекерди 31-августка чейин өлкөдөн чыгарууга тыюу салган. Дан азыктарына буудай, кара буудай, арпа, жүгөрү кирет.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Кожошев Россиядан Кыргызстанга дан азыктарын жеткирүүнү талкуулады