БИШКЕК, 23-март. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда мектеп окуучуларынын олимпиадасынын IV этабы (республикалык) башталды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Олимпиаданын IV этабында (республикалык) III этапта (облустук) алдыга озуп чыккан 324 окуучу төмөндөгү предметтер боюнча таймашып жатышат:
окутуу кыргыз тилинде болгон мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты предметинен;
окутуу орус тилинде болгон мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабиятынан;
окутуу кыргыз тилинде болгон мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабиятынан;
окутуу орус тилинде болгон мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабиятынан;
англис тили;
математика;
информатика;
физика;
химия;
биология;
география;
тарых.
Олимпиадалык тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн.
Белгилей кетсек, мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы жыл сайын конкурстан (тендер) өткөн көз карандысыз уюмду ишке тартуу менен Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле анын аймактык органдары, жалпы билим берүү уюмдары тарабынан өткөрүлүп келет.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу соңку эки жылдан бери олимпиаданын IV этабы өткөрүлбөй, окуучуларды колдоо максатында III этап жыйынтыктоочу этап болуп эсептелип келген.