Учактарды, кемелерди жер менен байланыштырат: Плесецкиден учурулган ракета. Видео

Sputnik
Плесецк космодромунан Россиянын аба космостук күчтөрү космостук "Меридиан" аппараты менен "Союз-2.1а" ракетасын учурушту. Ага Түндүк деңиз жолу деп аталган аймактагы муз чалгындарын жүргүзгөн кемелерди, учактарды жээктеги жана жердеги станциялар менен үзгүлтүксүз байланышты камсыздоо милдети тагылган. Аппараттын андан сырткары Сибирь менен Ыраакы Чыгыштагы экономикалык максаттагы спутниктик станциялардын тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтери айтылган. Ракетанын корпусуна Z тамгасы түшүрүлгөн.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.