БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Индира Шаршенова санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин ал Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Электрондук өкмөттүн инфратүзүмүн өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси болчу.
Релизде Шаршенова маалыматтык технология жаатында адис экени, "прикладдык математика" адистиги боюнча диплом алганы көрсөтүлгөн. Бир топ жылдан бери Кыргызстандагы санариптик реформаларды ишке киргизүүгө катышып, электрондук өкмөттү түзүү боюнча башка мамлекеттердин тажрыйбаларын үйрөнүп, карап чыкканы айтылды.
"Шаршееванын E-Kyzmat маалыматтык системасын түзүп ишке киргизүүдө эмгеги чоң. Бул система маалыматтарды тез иштеп чыгууга, кызматчынын, бөлүмдүн, мамлекеттик органдын планынын аткарылышын көзөмөлдөөгө, кызматкерлердин эмгегин калыс баалоого багытталган", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, бүгүн санариптик өнүктүрүү министринин орун басарлары иштен алынганы маалым болгон.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.