Пресс-борбор

Адис: Кыргызстанда токойчулар үчүн эң көйгөйлүү маселе — мал чарбасы

Алмаз Мусаев малчыларга кайрылып, бир көчөттү өстүрүүгө орто эсеп менен 12 жыл кетерин айтып, бул эмгекке сый мамиле кылууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстанда токойчулар үчүн эң көйгөйлүү маселе — мал чарбачылыгы. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда токойлорду жана биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуп алуу коркунучу барбы? Экологияны коргоо жөнүндө кеп" деп аталган брифингде Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Мусаев билдирди.
Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Мусаев
"Бул азыр пайда болгон көйгөй эмес. Илгертен бери токойлорду сактоо менен мал багуу жагын айкалыштыра албай келебиз", — деди Мусаев.
Ошондой эле жетекчи бул маселени чечүү үчүн учурда кандай иштер жасалып жатканын айтып берди.
"Мурда малчылар малдын туягын эле санап, жайлоодо кармаса, азыр сандан сапатка өтүп жатышат. Айыл чарба министрлиги асыл тукум, жогорку продуктивдүү мал багуу, аларды жайытта эмес, короодо кармоо жагын колго алды. Бул нерсе токойчуларга бир топ жардам берип жатат", — деди ал.
Мындан тышкары, Мусаев малчыларга кайрылып, отургузган бир көчөттү өстүрүүгө орто эсеп менен 12 жыл кетерин айтып, түйшүктүү бул эмгекке сый менен мамиле кылууга чакырды.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Пресс-борбор
Кыргызстанда токойлорду сактап калуу үчүн каражат көбүрөөк бөлүнө баштады