Тажикстандан КРге тик учактарды мыйзамсыз алып кирген ишкана аныкталганы айтылды

Былтыркы жылдын 17-августунда Душанбе шаарынан "Ф. С. Э" ЖЧКсына Ми-8 жана МТВ-1 үлгүсүндөгү тик учактар келген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. "Манас" бажысынын кызматкерлери Кыргызстанга аткезчилик жол менен тик учак алып кирген фактыны аныкташты. Мунун кесепетинен мамлекеттик бюджетке 3,5 миллион сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Бажы кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, былтыркы жылдын 17-августунда Душанбе шаарынан "Ф. С. Э" ЖЧКсына Ми-8 жана МТВ-1 үлгүсүндөгү тик учактар келген.

"ЕАЭБдин мыйзамына ылайык, биримдиктин аймагына товар алып кирүүдө бажы процедуралары каралган. Бирок бул тик учактарды алып келүүдө бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес. Товардын баасы 640 миң долларды түзөт. Мамлекетке 3 миллион 519 миң сом зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Бирдиктүү реестрге катталып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.
Ошто 2 кг алтынды мыйзамсыз алып бара жаткан өзбекстандык үй-бүлө кармалды