БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Монополияга каршы күрөшүү агенттиги Кыргызстанда кумшекер, суу май жана унга болгон баа канчага өскөнү боюнча маалымат берди.
Кумшекердин баасы:
январда — килограммы 69,6 сом;
февралда — килограммы 69,8 сом;
мартта — 78,8 сом.
Суу майдын баасы:
январда — литри 149,4 сом;
февралда — 148 сом;
мартта — 154,8 сом.
Суу май менен кумшекердин баасынын өсүшүнө таасир эткен факторлор:
Чет элдик валютанын курсунун өсүшү;
Республиканын социалдык маанилүү товарларга (75-80 пайыз) болгон көз карандылыгы;
Товар жеткирген мамлекеттердин экспортко киргизген чектөөсү.
Ун боюнча абал:
Биринчи сорттогу ундун баасы:
январда — килограммы 36,6 сом;
февралда — 36,7 сом;
мартта — 38 сом.
Биринчи сорттогу ундан жасалган нан:
январда — килограммы 48,4 сом;
февралда — 50 сом;
мартта — 52 сом.