Кыргызстандык мушкерлер Амстердамдагы дүйнө чемпионатына жөнөп кетти. Тизме

Мелдешке жалпы жонунан 15 спортчу катышат. Федерация алардын Азиянын жана Кыргызстандын чемпионатынын, ошондой эле эл аралык мелдештердин байге ээлери экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстандын аралаш мушташ боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Нидерланддарга жөнөп кетти. Бул тууралуу Уруш өнөрү боюнча глобалдык ассоциациянын (GAMMA) КРдеги федерациясы кабарлады.
Чемпионат 23-27-март күндөрү Амстердамда өтөт. Ага 15 спортчу жана эки машыктыруучу кеткен. Мушкерлердин экөө кыз, он үчү жигит. Федерация алардын Азиянын жана Кыргызстандын чемпионатынын, ошондой эле эл аралык мелдештердин байге ээлери экенин белгилеген.
Курама команданын тизмеси:
Махабат Орозбекова;
Арген Маратбек уулу;
Муртазали Магомедов;
Жакып Туганбаев;
Шергазы Сакыев;
Чагатай Туратбеков;
Акбар Бактыбек уулу;
Адис Таалайбек уулу;
Бахтияр уулу Ильер;
Эсентур Касиев;
Дастан Сулайманов;
Александр Кононенко;
Айбеков Айтегин;
Бегайым Акбалаева;
Айназик Рустамбек кызы;
Эрали Аскарбек уулу — машыктыруучу;
Абасбек Доромбаев — машыктыруучу, башкы катчы.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Пресс-борбор
Кыргызстанда кыз-келиндер футболу канткенде өнүгөт? Машыктыруучунун сунушу