Жыл соңуна чейин кумшекер менен суу майга кошумча нарк салык алынбайт

Мындай чечим өкмөттүн жыйынында кабыл алынган. Анын жүрүшүндө салыктарды өндүрүүнүн тартиби талкууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 1-апрелден 31-декабрга чейин сырттан алынып келген кумшекердин жана рафинаддалган өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн кезектеги кеңешмесин өткөрүп, 14 маселени караган.
Анын ичинде салык карыздарын өндүрүүнүн тартиби жана кыйыр ыкмалардын негизинде салыктык милдеттенмелерди аныктоонун методологиясы бекитилген.
Жапаров мамлекеттик органдар тарабынан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун даярдалышын сынга алып, алар укуктук жана экономикалык экспертизадан тыкыр өтүшү керектигин белгилеген.
"Толук иштелип чыкпаган, чийки долбоорлорду киргизүүгө жол берилбейт. Чечимдин долбоору деталдуу жана такталган эсептөөлөр менен бекемделиши керек, бул өзгөчө билим берүү мекемелеринин курулушуна тийиштүү", — деген Жапаров.
Төрага жыйында бир катар ченемдик-укуктук актылардын долбоорун толуктап иштеп чыгууга жөнөткөн.
Радио
Жолочу кызы: Россия ЕАЭБге кумшекерди экспорттоого тыюу салган жок