Пресс-борбор

Экономика министрлиги: Кыргызстанда баалар кескин өспөйт

Министрдин орун басары баанын өскөнү азыр эле байкалып жатканын белгилеп, көбүнчө күйүүчү май менен азык-түлүк кымбаттап жатканына токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстанда баалар башаламан болбойт. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Элдар Алишеров Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда билдирди.
Ал баанын өскөнү азыр эле байкалып жатканын белгилеп, көбүнчө күйүүчү май менен азык-түлүк кымбаттаганына токтолгон.
"Бардык продукциянын өздүк наркынын 60-70 пайызы — энергоресурстар. Күйүүчү май менен газды долларга сатып алабыз. Ошол себептен баа көтөрүлүшү ыктымал. Бирок баа башаламан болуп, эки жана андан көп эсеге көтөрүлбөйт. Мындайга жол бербеш үчүн темпти кармап турабыз", — деди Алишеров.
Министрдин орун басары товар ташууну өтө кымбат эмес баада камсыз кылуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрөрүн белгилеген. Министрдин орун басары газ, буудай, май жана башка азык-түлүк товарлары Россияда өндүрүлөрүн айтып, инфляциянын таасири ата мекендик продукцияга көп тийбей турганын кошумчалаган. Анын айтымында, бааны кармап туруу механизми 2020-жылы колдонулуп, натыйжасын берген. Быйыл да ошол сыяктуу чара көрүлөт.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Пресс-борбор
ЕАЭБ өз ара эсептешүүлөрдү улуттук валюта менен жүргүзүүгө камынып жатат