Радио

Турдубаева: 2021-жылы жатын моюнчасынын рагына кабылган 480 жаңы учур катталды

Улуттук онкология жана гематология борборунун радиациялык гинекология жана брахитерапия бөлүмүнүн дарыгери Самара Турдубаева учурда аялдар ден соолугун карабай, гинекологиялык ооруларын күчөтүп жиберип жатканын айтты.
Sputnik
Жатын моюнчасынын рагы эмчек рагынан кийин эле турган аялдар арасында кеңири жайылган онкологиялык оору. Тилекке каршы, өлүм боюнча Кыргызстанда үчүнчү орунда турат. 2021-жылы жатын моюнчасынын рагы менен ооруган 4700 аял катталды. Ал эми бир жылдын ичинде 480 жаңы учур табылган. Бул тууралуу Самара Турдубаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда жаш кыздардын эрте жана башаламан жыныстык катнашка баруусу, бойдон алдыруу, гормоналдык өзгөрүүлөр жатын моюнчасынын рагына алып келүүдө.
"Жатын моюнчасынын рагынын пайда болушунун негизги себеби адамдын папиллома вирусу (HPV). Вирусту ар бир адам алып жүрөт жана жыныстык жол менен жугат. Рактын бардык түрлөрү сыяктуу эле, шишиктин пайда болушуна экологиядан тарта бейтаптардын жашоо образына чейин көп факторлор (жаман адаттар, эрозия өңдүү оорулар) таасир этет. Ушундай себептерден улам денедеги клеткалар анормалдуу өсүп, генетикалык мутацияга байланыштуу шишик келип чыгат. Учурда аялдын негизги катасы өзүн жакшы карабайт. Тамеки чегип, ичимдик ичип, туура эмес тамактанат. Гинекологиялык маселе жаралса убагында дарыгерге көрүнбөйт, ооруса дагы чыдап жүрө берет. Ошентип бейтап бул дартты күчөтүп жиберет. Бул илдеттин алгачкы стадияларында белгилери билинбеши мүмкүн. Бирок күчөп баратканда жыныстык катнаш учурунда же андан кийин кан бөлүнүп чыгат, этек кир цикли бузулат, жаман жыт менен коштолгон, кан аралаш суюктуктар бөлүнүп чыгат. Өнүккөн өлкөлөрдө адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө бар. Кыз кезинде бул эмдөөдөн өткөндөр келечекте жатын моюнчасынын рагына чалдыкпайт. Кыргызстанда азырынча эмдөөнүн бул түрү жок", — деди Турдубаева.
Дарыгер жылына эки жолу гинекологдун текшерүүсүнөн өтүп, жыныстык өнөктөштөрдү бат-бат алмаштырбай жана дайыма сактануу керектигин кошумчалады.