Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Германия канцлери: Россияга каршы санкциялардын өзүбүзгө терс таасирин унутпайлы

Буга чейин немец бийлиги учурда Россиядан алынчу энергия булактарынан баш тартпай турууга чакырган. Бирок абал негативдүү сценарий менен өнүксө, айласыздан чара көрөрүн кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Россияга каршы санкцияларды жарыялап жатканда анын кесепетин унутпашыбыз керек. Мындай пикирин Германиянын канцлери Олаф Шольц билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин немец бийлиги учурда Россиядан алынчу энергия булактарынан баш тартпай турууга чакырган. Бирок абал негативдүү сценарий менен өнүксө, айласыздан чара көрөрүн кошумчалаган.
Шольц санкциялар аны жарыялаган өлкөлөрдүн өзүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтып, арыдан бери болууга үндөгөн.
"Кеп кыска мөөнөттүү чектөөлөр гана эмес, узакка созулган тирешүү тууралуу болуп жатат. Андыктан Германия мурдагы позициясынан жазбайт. Биз өзүбүздү гана ойлогон жокпуз. Европада Россиянын нефтисине, газына, көмүрүнө бизден дагы көбүрөөк көз каранды өлкөлөр бар. Аларды орто жолго таштап койбошубуз керек", — деди канцлер.
Шольцтун айтымында, Европа жана анын өнөктөштөрү Россияга каршы жарыялаган санкциялар буга чейинки чектөөлөрдүн эң катаалы. Россиянын экономикасы бир топ жабыркап, жыйынтыгы башкалар үчүн дагы өтө өкүнүчтүү болушу мүмкүн.
Эске салсак, Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыш өлкөлөрү жана аларга тиешелүү улуттар аралык компаниялар Россияга каршы бир топ чектөөлөрдү киргизген.
Ал тургай айрым өлкөлөр Россиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап, учурда каттамдар токтотулган. Ошондой эле Россиянын аймагында иш алып барган дүйнөлүк ири бренддер ишин токтотуп койгон учур.
Ошол эле учурда серепчилер Батыш россиялык сырьёдон баш тартса, өздөрү бир топ зыянга учурарын айтып келишет.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
ЕЭК министри: доллар, евро жана фунттан баш тартарыбыз анык болуп калды