БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бир гана Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттер Кыргызстан менен сырье жаатында соода алака жүргүзөт. Бул тууралуу экономикалык жөнгө салуу боюнча экс-министр Жеңишбек Байгуттиев билдирген. Ал "Пикир" клубу уюштурган "ЕАЭБ жаңы геосаясий чындыкта. Келечектеги стратегиялык өнөктөштүктүн контурлары" аттуу тегерек столдо сүйүлөгөн.
Мурдагы министрдин айтымында, рынокту сырье менен камсыз кылуу өлкөнүн экспорттук потенциалынын жогорулашына шарт түзөт.
"Кыргызстан менен соодалашкан дүйнөдөгү бардык мамлекеттер даяр продукт сунуштап жатат. Андан биз кошумча каражат ала албайбыз. Муну соода түйүндөр гана жасай алат. Бирок бул жакта баары башкача. Бизге азыр ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер гана сырье берип жатат. Алар менен иштесек кошумча каражат таба алабыз. Бул экспортко да шарт түзөт. Эгер Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүү структурасын карай турган болсок, ал жакта Батыш мамлекеттери дээрлик жок", — деген Байгуттиев.
Ал тышкы жүгүртүүнүн 56 пайызы КМШ мамлекеттерине туура келерин белгилеген.
"Анын ичинен 47си ЕАЭБдики (Россия — 31,6 пайыз, Казакстан — 14). Азияга 31 пайыз туура келет. Анын 21и — Кытайдыкы. Түркиянын үлүшү 4,8 пайызды түзөт. Эгер Европа тууралуу кеп кыла турган болсок, анда ага тогуз пайыз туура келет. Бул көбүнчө керектөөчү товарлар менен автоунаалар. АКШ менен Канадага 2,5 пайыз туура келет", — деген ал.
Тегерек столго катышкан Евразия аналитикалык клубунун башчысы Никита Мендкович (Москва) Россияга каршы санкциялык саясаттын фонунда Кыргызстан жана башка Борбор Азия мамлекеттеринин Россиянын рыногуна эмерек үчүн кездеме сыяктуу кошумча товарлар менен чыга аларын айткан. Себеби бул товар Европадан келчү. Ал өкмөт ири бизнес аянтча түзүп бериши керектигин белгилеген.