БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрү өз ара эсептешүүдө улуттук валютага өтүүгө даярданууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Элдар Алишеров Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, маселе ЕАЭБ өлкөлөрүнүн министрлеринин деңгээлинде талкууланып, Россия тараптын демилгеси менен экономиканын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу башталды. Россиянын экономикалык өнүктүрүү министри Максим Решетников жумушчу топ түзүп, эки жуманын аралыгында биргелешкен план иштеп чыгууну сунуштады. Анын багыттарынын бири — улуттук валютага өтүү.
Алишеров Россия менен эсептешүүлөр кандай болбосун рубль түрүндө болорун белгиледи, себеби мындан ары доллар менен эсептешүү мүмкүн эмес. Ал эми башка өлкөлөр менен кырдаал башкача — баары соода жүгүртүүнүн көлөмүнөн көз каранды болот.
"Эгер Казакстан менен соода жүгүртүү 1 миллиард долларга жетсе, улуттук валютага өтсө болот. Бирок көлөмү аз болсо, мисалы, Армения менен эсептешүүлөрдү сом жана драмга дароо өткөрүү өтө кыйын. Азыр Россия менен Беларусь улуттук валютага өтүп жатат", — деди Алишеров.
Ошондой эле ал бизнестин өкүлдөрү улуттук валюта менен эсептешүүгө мажбурланбай турганын белгиледи.
"Кимдир бирөөнү мажбурлоо мүмкүн эмес жана орунсуз. Акырындык менен доллардын олку-солку болушун жана тиешелүү тобокелчиликтерди көргөндөн кийин бизнес өзү эле улуттук валютага өтүүгө ыктап калат", — деди министрдин орун басары.
Алишеров өз ара эсептешүүдө доллардан баш тартуу өзгөчө жергиликтүү серьёну колдонгон ата мекендик өндүрүшчүлөр үчүн пайдалуу экенин белгиледи. Импорттолуучу товарларга сырткы валютанын таасири мурдагыдай эле жогору болот.