Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: дүйнөлүк корпорациялар Россияда ишин улантуунун "жолун" таап алышты

Дүйнөлүк ири компаниялар Россиянын аймагында ишмердүүлүгүн дээрлик токтотуп, күнүмдүк турмушка керектүү, өтө зарыл товарларды гана чыгарарын убадалашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Дүйнөлүк корпорациялар өз бизнесин Россияда улантуунун "жол-жобосун" таап алышты. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасындагы макалада айтылат.
Маалыматка караганда, дүйнөлүк ири компаниялар Россиянын аймагында ишмердүүлүгүн дээрлик токтотуп, күнүмдүк турмушка керектүү, өтө зарыл товарларды гана чыгарарын убадалашкан. Бирок авторлор ошол эле ишканалар бүгүнкү күндө абаны тазалагыч, сакал алгыч, косметика, бал муздак, чипсы сыяктуу товарларды ээн-эркин чыгарып жатканын айтууда.
"АКШ жана европалык ишкерлерди өздөрүнүн саясатчылары Россияда иштебегиле деп катуу кысымга алып жатышат. Бирок алар "эң зарыл товарлардын" тизмесин кеңейтип алып, ишин улантууда", — деп айтылат кабарда.
Эске салсак, Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыш өлкөлөрү жана аларга тиешелүү улуттар аралык компаниялар Россияга каршы бир топ чектөөлөрдү киргизген.
Атургай айрым өлкөлөр Россиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап, учурда каттамдар токтотулган. Ошондой эле Россиянын аймагында иш алып барган дүйнөлүк ири бренддер ишин токтотуп койгон кези.
Ошол эле учурда серепчилер Батыш россиялык сырьёдон баш тартса, өздөрү бир топ зыянга учурарын айтып келишет.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Радио
Абдыров: Батыш абалдан пайдаланып Россияга экономикалык согуш жарыялады