Кечиккен кыш. Карга оронгон Бишкектин 12 сүрөтү

Бүгүн Бишкекте кыш мезгилиндей кар жаап жатат. Март айына мүнөздүү болбогон аба ырайы тургундарды бир үшүтүп, бир суктандырып жатат.
Sputnik
Синоптиктер аба ырайы бузуларын күн мурунтан эскертип жаткан.
Борбордун кар баскан көчөлөрүндөгү көрүнүшкө Sputnik агенттигинин сүрөт топтомунан байкоо салсаңыз болот.
1 / 12

Азыркы аба ырайында Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынын асмандан көрүнүшү

2 / 12

Борбордогу Фрунзе көчөсүнөн өтүп жаткан автоунаалар. Мындай аба ырайы жол тыгынын жаратпай койгон жок.

3 / 12

Карда кол чатыр көтөргөн, колтукташып бараткан шаардыктар

4 / 12

Өчпөс оттун жанынан өтүп бара жаткан кыз

5 / 12

Сырттагы аба ырайына карабай башкы аянтта сүрөткө түшкөндөр

6 / 12

Бир кол чатыр астындагы эне-бала

7 / 12

"Ала-Тоо" аянтынын жанынан уюлдук телефонун тиктеген жигит

8 / 12

Бишкектеги "Жеңиш" аянтындагы эстеликтердин көрүнүшү

9 / 12

Жолду кесип өтүп бараткан балдар

10 / 12

Бишкектеги Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинин бийиктиктен көрүнүшү

11 / 12

Борбор калаанын чок ортосундагы Манастын эстелигинин жанынан өтүп бара жаткан кыздар

12 / 12

Карга чулганган Эркиндик бульварынын бийигирээктен көрүнүшү ушундай

Тема боюнча:
Чимириле бийлеген кыздар, майрам, шаң... Бишкектеги Нооруз майрамынан сүрөттөр
Өзгөчө дизайндагы кийимдер. Бишкектеги Мода жумалыгынан 15 сүрөт
Көч көрктүү болсун! Кыргыздардын 150 жыл мурунку турмушунан сүрөт баян